Биз менен байланышыңыз

Президент: Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүшү керек

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 940 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрайымы Элнура Боронбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалда саламаттык сактоо тармагында системалуу алешемдиктер ачыкталганын белгиледи.

Ошондой эле саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин, ал бүтүндөй системага, анын ичинде бейтаптарды дарылоо шарттарына да пайдалуу таасирин бериши керектигин айтты.

ММКФ төрайымы Элнура Боронбаева коронавирус инфекциясы пандемиясынын шарттарында фонддун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Ал бүгүнкү күндө бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде медицина кызматкерлери үчүн жеке коргоочу каражаттардын запасы бар экенин маалымдады.

Бюджеттик акча каражатына коргоочу каражаттарды сатып алуу улантылып жатат, медициналык мекемелер алардын запастары менен күн сайын толукталууда. Жалпысынан акыркы 3,5 айдын ичинде бул максатка 187 млн сом багытталган.

Ошондой эле Элнура Боронбаева тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM