Биз менен байланышыңыз

Боронбаева: 20 жеке менчик, 4 мамлекеттик ооруканада гемодиализ кызматы көрсөтүлүүдө

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 550 | 0

2020-жылга карата гемодиализ кызматы үчүн акы төлөөгө 682,7 млн сом каралган. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Ушул жылдын январь айынан тартып гемодиализ кызматы 20 жеке менчик жана 4 мамлекеттик ооруканада көрсөтүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалымат базасында катталган 1 миң 234 бейтапка кызмат көрсөтүлүп келе жатат. Жыл башынан бери 235 млн сомго каржылоо болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM