Биз менен байланышыңыз

Боронбаева: Дагы кошумча 184,7 миң бир жолку коргоочу костюм керек

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 672 | 0

Саламаттыкты сактоо уюмдарынын болжолдуу муктаждыгына карата бир айга 231,6 миң коргоочу костюмдар керектелет, саламаттыкты сактоо уюмдарындагы калдыктарды эске алганда дагы кошумча 184,7 миң бир жолку коргоочу костюм керек болот, ал эми 128 миң респиратор, бир жолу колдонулуучу беткаптар жетиштүү санда. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Саламаттыкты сактоо уюмунун алдын ала маалыматтары боюнча 188,8 млн сомго сатып алынган жеке коргоону каражаттары, дары-дармек жана башка керектүү чыгымдарды региондор боюнча бөлгөндө:

• Ош облусу жана Ош шаары– 46,1 млн сом;
• Жалал-Абад облусу – 63,0 млн сом;
• Баткен облусу – 6,2 млн сом;
• Нарын облусу – 13,6 млн сом;
• Талас облусу – 3,5 млн сом;
• Чүй облусу – 12,9 млн сом;
• Ысык-Көл облусу – 8,1 млн сом;
• Бишкек шаары – 35,2 млн сом.

188,8 млн сомдун ичинен 156,1 млн сомго жеке коргоону каражаттары сатып алууга жана 32,7 млн сом дезинфекциялоо иштери үчүн концентраттарга сарпталды.

26-апрелге карата саламаттыкты сактоо уюмдарында төмөнкү ЖККнын калдыгы бар:

  1. бир жолу колдонулуучу костюмдар – 46 523 даана;
  2. көп жолу колдонулуучу костюмдар – 20 797 даана;
  3. респираторлор – 58 475 даана;
  4. бир жолу колдонулуучу беткаптар – 1 110 613 даана.

Бүгүнкү күндө бейтаптар жана байланышта болгон адамдар менен иштеп жаткан саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн бир айга 72 546 бир жолку колдонулуучу костюмдар жана 70 миң респиратор керектелет, алардын ичинен FFP3 жана FFP2 даражасы жогорулатылган коргоо респираторлорунан 32 400 даана болушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM