Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктурган бейтаптардан дарылануу үчүн акча алынбайт

Кыска кабар | 27 Апр 2020 | 890 | 0

Коронавирус жуктуруп алган бейтаптардан ооруканада дарылангандыгы үчүн акча алынбайт. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрайымы Элнура Боронбаева билдирди.

Анын айтымында, дарыланууга кеткен каражаттар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинен саламаттык сактоо уюмуна төлөнүп берилет.

Обсервацияга алуу мөөнөтү атайын иштелип чыккан алгоритмге ылайык, 3 жана 14 күн деп белгиленген.

  • 3 күнгө обсервацияга алууга 2467 сом каралган,
  • 14 күн обсервацияга алууга 6 169 сом каралган.

Ал эми коронавирус илдетин дарылоо төрт даражага бөлүнөт. Алар:

  • жеңил даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 7 миң 988 сом;
  • оорусунун деңгээли орто даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 16 миң 370 сом;
  • оорусунун деңгээли оор даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 74 миң 765 сом;
  • оорусунун деңгээли өтө оор даражадагы бейтаптар үчүн акы төлөө суммасы 118 миң 807 сомду түзөт.

Боронбаева белгилегендей, акы төлөөнүн наркын эсептөө төмөнкү чыгымдарды өзүнө камтыйт:

«Дары-дармектер, стационарда болуусу, буга коммуналдык чыгымдар, тамак-аш кирет, медициналык багыттагы буюмдар, жеке коргонучу каражаттар, изилдөөлөр, анализдер, ошондой эле, ошол учурдагы жардам көрсөтүп жаткан медициналык кызматкерлердин кепилденген айлык маяналары».

Элнура Боронбаева билдиргендей, коронавирус менен ооруган бейтаптарды дарылоо жана алар менен байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү менен байланышкан, дарыланып чыккан учурларды эсепке алуу жана каржылоонун ачык-айкындуулугун, негиздүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан атайын дарыланып чыккан учур Covid-19 программалык камсыздоосунун өзүнчө модулу иштелип чыкты. Бүгүн аталган маалыматтык программа реалдуу режимде иштеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM