Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келген түз инвестициялар 24,9 пайызга көбөйдү

Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 713 | 0

Алдын ала маалыматтар боюнча 2018-жылдагы Орусиядан келген түз инвестициялардын агымы 2017-жылга салыштырмалуу 24,9 %га көбөйдү жана 123,2 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Статистика комитети маалымдады.

Тартылган инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 78 %ы: анын ичинде 97,6 %ы тамак-аш азыктары жана суусундуктар өндүрүшүнө; 12,8 %ы электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуу чөйрөсүнө;  3,8 %ы дүң жана чекене соодага; 2,15%ы маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган.

Муну менен катар өндүрүш ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү — 17,1 эсеге, маалымат жана байланыш чөйрөсүнө багытталган инвестициялардын көлөмү 3,8 эсеге көбөйсө, электр энергия, газ жана буу менен камсыз кылуу  ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү 5,0 эсеге, дүң жана чекене соодага багытталган инвестициялардын көлөмү 1,8 эсеге төмөндөдү.

2018-жылдагы республиканын экономикасына Орусиядан келген түз инвестициялардын дээрлик бардык көлөмү (98 пайыздан көбү) Бишкек шаарынын ишканаларына багытталган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM