Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы Кыргызстанда 158 миң аял эне болду

Кыска кабар | 15 мая 2021 | 952 | 0
Сүрөт ЮНИСЕФ Кыргызстанга таандык
Сүрөт ЮНИСЕФ Кыргызстанга таандык

Кыргызстанда май айынын үчүнчү жекшембиси энелер күнү катары белгиленип келет. 2012-жылдан бери майрамдалып келген бул күнгө карата Улуттук статистика комитети өлкөдөгү энелер тууралуу маалымат жарыялады.

Ага ылайык, 2021-жылдын 1-январына карата республикада 3 миллион 343 миң аял же жалпы калктын 50,4% түзөт. Ошол эле учурда, шаардагы калктуу конуштарда 1 миллион 195 миң аял (алардын жалпы санынын болжол менен 36%), айыл жеринде — 2 миллион 148 миң (64% дан ашык) жашайт.

2020-жылы республиканын 15-55 жаштагы 158 миңге жакын аялдары эне болушту. Эненин биринчи баласы төрөлгөндө орточо жашы болжол менен 23 жашты түзгөн. Эң жаш энелер, алардын биринчи баласы төрөлгөндө, 21-22 жаштагы, Ош шаарында, ошондой эле Баткен, Ош жана Талас облустарында жашашат.

Аялдардын 27% га жакыны биринчи жолу, ал эми 35% га жакыны, же дээрлик ар бир үчүнчү аял экинчи жолу эне болушту. 13% га жакыны же дээрлик ар бир сегизинчи аял төрт же андан көп баланын энеси болуп калды.

2020-жылы мурунку жылга салыштырмалуу эгиз жана үч эм төрөлгөндөрдүн саны азайган. Ошентип, 2020-жылы 1436 эгиз төрөлсө (2019-жылы — 1575) жана 14 үч эм (2019-жылы — 26) төрөлдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары боюнча, төрөттүн аралыгы эки жылга чейинки төрөлгөн балдардын үлүшү 32% дан жогору, үч жыл жана жогору аралыкта 42 % болгон.

2000-жылдардан баштап, Кыргызстанда төрөлүү деңгээлинин өсүшү байкалган. 2019-жылы 15-49 жаштагы ар бир аялга орто эсеп менен 3,3 бала туура келген, бул биздин өлкөдө калктын кеңейтилген репродукциясын камсыз кылуу үчүн жетиштүү.

Copyright © 2017 Maral FM