Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында эл каттоого даярдыктар текшерилди

Кыска кабар | 15 Янв 2020 | 539 | 0

Ош шаарынын мэриясында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрө баштайт. Бул тууралуу бүгүн шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жана тиешелүү жетекчилер катышкан жыйында айтылганын мэриянын маалымат кызматы кабарлайт.

Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелге чейин жүргүзүлөт. Бул боюнча Өкмөттүн атайын токтому кабыл алынган. Эл каттоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилеринен турган комиссиянын курамы түзүлүп, алдыга бир топ милдеттер коюлган, — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Эл каттоо 10 жылда бир жолу өтүүчү республикалык деңгээлдеги иш-чара болуп саналат. Алдыдагы эл каттоо мурдагылардын айырмаланып, электрондук форматта өткөрүлөт. Ар бир үйгө барган каттоочулар тарабынан жашоочулар тууралуу алынган маалыматтар смартфондорго түшүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM