Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 19%га көбөйдү

Кыска кабар | 4 Сен 2019 | 494 | 0

Ушул жылдын I жарым жылдыгында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түз чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 59,4 пайызга көбөйдү жана 393,7 млн. долларды түздү. Муну менен бирге, келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 120,7 млн.долларга ашты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келип түшкөн түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмдөрү 2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,8 эсеге көбөйдү, бул негизинен алардын Канададан (8,9 эсеге), Улуу Британиядан (4,6 эсеге), Кытайдан (1,9 эсеге) жана Нидерланддан (1,4 эсеге) өсүшүнүн эсебинен жүрдү.

Келип түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүндөгү эң чоң салыштырма салмак Кытайга (келип түшкөн чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы көлөмүнүн 46,2 пайызы), Улуу Британияга (16,4 пайызы), Канадага (11,2 пайызы), Нидерландыга (8,0 пайызы) жана Түркияга (4,4 пайызы) туура келет.

КМШ өлкөлөрүнөн тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшкөн көлөмү 2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 1,6 эсеге кыскарды, бул Орусиясиядан 1,7 эсеге жана Казакстандан 1,5 эсеге инвестициялардын төмөндөшүнүн эсебинен кыскарды. Муну менен катар, Өзбекстандан инвестициялар 1,3 эсеге көбөйдү.

Ушул жылдын I жарым жылдыгында инвестициялардын чыгып кеткен агымынын көбөйүшү айыл чарба ишканаларынан – 10,0 эсеге, курулуш чөйрөсүнөн – 4,7 эсеге, пайдалуу кендерди казуудан – 2,3 эсеге, геологиялык чалгындоодон – 1,7  эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларынан – 1,6 эсеге, маалымат жана байланыш ишканаларынан – 1,5 эсеге көбөйгөндүгү байкалды. Муну менен катар, инвестициялардын чыгып кетүү агымынын мейманканалар жана ресторан ишканаларында – 46,3 эсеге, электроэнергия, газ, жана буу (жабдуу) – 2,3 эсеге, транспорт ишмердиги – 1,8 эсеге, иштетүү өндүрүшүндө – 1,5 эсеге, дүң жана чекене соода – 13,5 пайызга төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөргө чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 2018-жылдын I жарым жылдыгына салыштырмалуу 19,0 пайызга көбөйдү, бул негизинен Кипр (5,2 эсеге), Кытай (2,9 эсеге), Түркия (15,8 пайызга), Германияда (12,1 пайызга) алардын өсүшүнүн эсебинен болду.

КМШ өлкөлөрүнө тике чет өлкөлүк инвестициялардын чыгып кетүү агымы 1,9 пайызга көбөйдү, бул инвестициялардын Казакстанга жана Орусияга чыгып кетүү агымынын өсүшүнүн эсебинен болду.

Copyright © 2017 Maral FM