Биз менен байланышыңыз

Япония Назарбаевге, Бердымухамедовго ардактуу доктор наамын ыйгарды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 656 | 0

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевге Япониянын Цукуба университетинин ардактуу доктору наамы ыйгарылды. Цукуба университети Япониядагы алгачкы ондуктун катарына кирет.

Белгилей кетсек, 22-октябрда Токиодо Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовго Хиросаки университетинин Ардактуу доктору наамын ыйгаруу аземи өткөн болчу.

Ушул эле күнү  Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземи болуп өттү.

Аталган салтанат Токио шаарындагы Император сарайында болуп, анын жүрүшүндө император Нарухито кызмат кылууга расмий түрдө ант берди.

Иш чарага мамлекеттер башчылары, ар кыл мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты. Президент Сооронбай Жээнбеков да Японияга иш сапарынын алкагында такка отуруу аземине күбө болду.

Copyright © 2017 Maral FM