Биз менен байланышыңыз

Юрист: Кадр кызматынын саясий кызматтарга да тиешеси болушу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 751 | 0

Мамлекеттик кадр кызматы татыктуу деңгээлде иш алып бара албагандыктан, кадр тандоо маселесинде көйгөй жаралууда. Мындан улам көп нерсени жаңылоо зарыл. Бул тууралуу КРдин эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кадр кызматы адмнистративдик кызматкерлерди тандоого гана катышат. Ал эми саясий, атайын кызматтарга эч кандай тиешеси жок. Бул туура эмес. Мындан улам баарын кайра карап чыга турган мезгил келди. Коом өскөн сайын мыйзамдар да өзгөрүп турушу кажет.

-«Кадр кызматынын саясий кызматтарга да тиешеси болушу керек. Биринчи кезекте кадрдык сабатсыздыкты жоюу зарыл. Бизде бир кадр алмашса эле, мурда жасалып жаткан иштерди түп ордунан жаңыртып, жаңыча баштайт», — дейт Арабев.

Copyright © 2017 Maral FM