Биз менен байланышыңыз

Юрист: Министр үчүн аны кызматка көрсөткөн фракцияда да жоопкерчилик болушу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 841 | 0

Туура эмес иштерден улам кызматтан алынган министр үчүн аны көрсөткөн фракциянын да жоопкерчилиги каралышы керек. Мындай пикирин КРдин эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азыр «партия үчүн добуш топтоп берди эле» деп, мамлекеттик кызматта бир күн да иштебеген адамдар саясий, министрлик кызматтарга чейин келип жатат. Алардын баары турист болуп кеткен учурду да көрдүк. Мындан улам кадр тандоодо ЖКнын депутаттары ийне мене кудук казгандай мамиле кылышы керек», — дейт Арабаев.

Арабаев парламент өкмөттүн мүчөлөрүн гана тандоого укуктуу экенин эске салып, бирок эл өкүлдөрү айылдык деңгээлдеги кызматтарга чейин киришип кеткенин сындады.

Copyright © 2017 Maral FM