Биз менен байланышыңыз

Хамзаев: Жаңы жылда ичимдик сатууну чектөө керек

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Дек 2021 | 956 | 0

Жаңы жылдын алдында алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизип, жарандар «мас болуп калбашы үчүн» бардык маданий жайлар акысыз иштеши керек. Мындай пикирин Орусия Мамлекеттик Думасынын депутаты, парламенттеги Коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин мүчөсү Султан Хамзаев «РИА Новости» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Депутаттын айтымында, бул маселе боюнча Орусия Маданият министрлигине кайрылуу жөнөтүүнү мерчемдеп жатат.

«Жаңы жылдык майрамдарда жарандарыбыз үйүндө мас болуп отурбай, сейилдеп, ден соолугуна кам көрүшү үчүн бардык кинотеатрлар, театрлар, музейлер, бассейндер жана спорт комплекстери бекер болушу керек. Ошондо биз адамдарды үйдөн чыгарып, ичиликтен алыс кармап, алаксыта алабыз,»- деген Хамзаев.

Маалым болгондой, 15-декабрда Мамлекеттик Думада фракциялар аралык жумушчу топтун жыйыны өтөт. Анда жыл жаңырар алдында спирт ичимдиктерин сатуу маселеси да каралат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM