Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Саясий кызматка дайындоодо талапкердин ден соолугун да кароо зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 739 | 0

Саясий кызматтарга да кесипкөй адистер келсе, эл арасында өйдө-төмөн сөз болмок эмес. Керек болсо, кадрдын ден соолугуна карап кызматка алуу зарыл. Мындай пикирин КРдин эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламенттин трибунасында сүйлөгөн ар бир адам кыргыз эли үчүн үлгү болушу керек. Жогорку саясий кызматтарга мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиев, Турдакун Усубалиев сыяктуу адамдар гана келиши зарыл.

-«2020-жылы депуттарды тандоодо эл жаңылбашы керек. Эч ким ичпей-жебей, жакшы иштесе, Кыргызстанды кыска убакытта мыкты мамлекеттердин катарына кошуп койсок болот эле», — дейт Арабаев.

Copyright © 2017 Maral FM