Биз менен байланышыңыз

Көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты өттү

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 822 | 0

7- 8-декабрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Тамекисиз спорт” аттуу ураан менен көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин ачылыш аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Чолпон Султанбекова, Турдакун Усубалиевдин небереси Эркин Усубалиев жана башка коноктор, спортчулар, күйөрмандар катышты.

Чемпионаттын катышуучулары жаш курагы боюнча үч категорияда таймаш жүргүздү:

2008 жана 2009-жылы туулган спортчулар;
2005, 2006 жана 2007-жылы туулган спортчулар;
2004-жылы туулган жана андан улуу спортчулар.

Спортчулар скакалка, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналар боюнча мелдешти.

Жеңүүчүлөр чогултулган упайлардын көптүгүнө жараша ар бир жаш куракта өзүнчө аныкталды.
Мелдеш өлкөнүн көркөм гимнастика федерациясы менен Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлдү. Дирекциянын бюджетинен чемпионатка 28 миң сом каралган.

Copyright © 2017 Maral FM