Биз менен байланышыңыз

Президент Турдакун Усубалиевдин небереси менен жолукту

Кыска кабар | 5 Ноя 2019 | 821 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесинин алдында анын небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын белгиледи.

Ошондой эле, президент Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенине токтолду.

Эрмек Усубалиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесин кеңири өткөрүү боюнча демилгеси жана колдоосу үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. Ал бардык пландалган иш-чаралар өз убагында өткөнүн жана ага катышкан мамлекеттик органдардын ишин канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жана Эрмек Усубалиев 6-ноябрда, Турдакун Усубалиевдин туулган күнүндө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу 100 жылдык мааракесинин алкагында салтанаттуу иш-чараларга карата даярдыктардын жыйынтыгын чыгарышты.

Copyright © 2017 Maral FM