Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу – чыныгы куруучунун жолу (сүрөт)

Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 1379 | 0

Өлкөнүн өнүгүүсүнө күчүн аябастан зор салым кошкон адамдардын коомдогу ардактуу ордун белгилөө, аларга таазим этүү– биздин муундун милдети. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүүнүн алкагында Нарын шаарында уюштурулган иш-чарада билдирди.

«Советтер Союзунун  башка республикалар менен катар эле курамына кошулуу менен биз чоң пайданы гана таптык. Бул ошол кезде иштеген жетекчилердин зор эмгегинин натыйжасында болду. Айрыкча 60-80-жылдары республиканын  өнүгүшүндө Турдакун Усубалиев зор салым кошту. Ал бүт өмүрүн өз элине-жерине кызмат кылууга арнады», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Турдакун Усубалиев өзүн сөзүнө бекем жана иштин көзүн билген адам катары көрсөттү.

«Бүгүнкү күндөгү 2265 мектептин 70% анын учурунда курулган. Биздин борбордук аянтты ак мрамордон жасоо дал ушул инсанга  таандык. Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу – чыныгы куруучунун жолу, чыныгы жаратман мамлекеттик ишмердин жолу деп так айта алабыз», — деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей,  өзүнүн эли жана өлкөсү үчүн жашаган Турдакун Усубалиев сыяктуу адамдар тарыхты түзүшөт жана алардын өмүр жолу даңкталып, ага арналып, тирүү тарых жазылат.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM