Биз менен байланышыңыз

Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чарадан [фоторепортаж]

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 802 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-ноябрда, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Турдакун Усубалиев өлкөнү башкарган 1961-85–жылдар — Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазылып калган, «алтын доор» болгонун өзгөчө белгиледи. Кыргыз ССРинин экономикасында гана эмес, жалпы эле бардык чөйрөлөрүндө, мурда болуп көрбөгөн өсүп-өнүгүү орун алганын айтты.

Президент Турдакун Усубалиевдин кыргыз мамлекетинин өзгөчө доорунун, жарк этип, тез өнүккөн тарыхый мезгилинин лидери болгонун белгилеп, анын келишпес сынчылары да тереӊ билимин, мамлекеттик деӊгээлде ойлоно билген акыл-эсин, тереӊ тажрыйбасын, элим деп жашап өткөнүн тана алышпаганын кошумчалады.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM