Биз менен байланышыңыз

Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

Кыска кабар | 6 Ноя 2019 | 971 | 0

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин оңдоо иштери менен таанышуу учурунда, Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын билдирген. Ал Турдакун Усубалиевдин Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис экенин айткан.

Бүгүн, 6-ноябрда Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленүүдө. Салтанаттуу аземге президент Сооронбай Жээнбеков катышат.

Мунун алдында өлкө башчы Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев менен жолугушту. Анда мамлекет башчы Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрү менен бөлүшүп, анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө, өлкөнүн социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнө жана коомдун турмушундагы бардык тармактарга кошкон зор салымын белгиледи.

Жээнбеков Турдакун Усубалиев Кыргызстандын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген бир доордун кайталангыс инсаны экенин айтты.

Усубалиевдин 100 жылдыгы өлкөнүн булуң-бурчунда белгиленип жатат. Буга чейин Чүйдөгү чокулардын бирине Усубалиевдин ысымы берилген. Нарын жана Чолпон-Ата шаарларында эстелиги тургузулду.

Турдакун Усубалиев 1961-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген; Кыргызстанды 25 жыл жетектеп турган.

Copyright © 2017 Maral FM