Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык комплекстин курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталат. Курулушту «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» компаниясы ишке ашырат. Ал үчүн ишканага 200 гектар жер 49 жылга ижарага берилген. Логистикалык борборго жогорку технологиялык 10го чукул завод-фабрикалар салынып, 10 миңден 15 миңге чейин жумушчу орундары түзүлөт. Бирок коомчулукта жер бара-бара Кытай тарапка берилип кетет деген чочулоо бар. Бул тууралуу эксперттердин ою кандай?
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык комплекси 8 жылда курулуп, ишке берилет. Ал үчүн заманбап технологиялар колдонулуп, экологиялык жана башка тийиштүү коопсуздуктар сакталат. Комплекстин инфрастуктурасын жакшыртуу үчүн кытайлык инвесторлор 280 млн доллар сарптайт. Бул тууралуу долбоорду ишке ашыруучу «Ат-Башы» кыргыз-кытай эркин соода аймагы» биргелешкен ишканасынын жетекчиси Эмил Абдыкадыров Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү элдин 90%дан ашыгы борбордун курулушуна ыраазычылыгын берген. Бирок тургундардын арасында комплекстин курулуусуна каршы болгондор бар. Алар чек ара жылып, жер сатылып кетиши мүмкүн деп кооптонууда.
— 600-700 кишинин колу коюлган кайрылуу болгон. Алар борбордун курулушун тездетүүнү сунушташкан. Быйыл свет, суу маселесин чечип, 8 кабаттуу отель, адмнистративдик корпус куруп, күзүндө ачылышын кылалы деген пландарыбыз бар. Уюлдук телефондун дисплейин жасаган ири компания менен сүйлөшүп жатабыз. Аларга Ат-Башыга келип, логистикалык борборго филиал ачуусун айттык. Ал эми электромобилдер жөнүндө 4 компания менен сүйлөшүү жүрдү. Андан сырткары, түрктөр текстиль фабрикасын курууга кызыктар.
Маалым болгондой, логистикалык комплекс курууга Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта 200 гектар жер бөлүнүп, 49 жылга ижарага берилген. Ижара акысы 49 млн долларга бааланып, инвесторлор анын 43 млн долларын төлөгөн. Эмил Абдыкадыров жер сатылбаганын айтып, комплексти куруу үчүн эмне үчүн Ат-Башы району жана чек арага жакын аймак тандалып алынганын төмөнкүчө түшүндүрдү:
— Биринчиден, Ат-Башыдан чыккан продукцияларды ЕАЭБдеги өлкөлөргө кошумча нарк салыгысыз сата алабыз. Экинчиден, 2015-жылы Кытай менен Кыргызстандын ортосунда чек ара аймактарын өнүктүрүү макулдашылган. Анын баарын эске алып, Ат-Башы районунун экономикасын өстүрүү маселеси да каралды.
Логистикалык комплекске 10 чакты завод-фабрика салынат. Жумуш орундарынын 95 пайызы жергиликтүү элге берилет. Соода комплексинде бардык кызыктар тараптар, тагыраагы, ата мекендик ишкерлер да, чет элдик бизнесмендер ишкана кура алышат. Жеке ишкер Аскар Салымбеков мындай мүмкүнчүлүк кошумча жумуш орундарын пайда кылып, эмгек мигранттарынын Кыргызстанга келип, өз мекенине салым кошоруна шарт түзөрүн белгилейт:
— Миңдеген балдарыбыз чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт. Алар мага чалып: «Заводдор курулса, Кыргызстанга бармакпыз, тентибей өз жерибизде иштейли», — деп жатышат. Борборду курууга Ат-Башынын эли жетишпейт. Германия, Франция, Орусия жана башка мамлекеттер ишканаларын салат. Коңшу Кытай менен да жакшы мамиледе иштешишибиз керек. Алар борборду көчүрүп кетпейт.
Ал эми Нарын облусунун экс-губернатору Шамшыбек Медетбековдун баамында, логистикалык борбор ишке киришсе, айыл-чарба азыктарын көбүрөөк экспорттоого шарт түзүлөт. Продукциялардын баасы 2-3 эсеге жогорулайт.
— Ишканалардан салык түшүп, Нарындын экономикасы өсөт. Логистикалык борбор курулса, Нарын облусу өндүрүш жана экспорт боюнча эң алдыңкы аймакка айланат. Мунун нарындык туугандар туура түшүнүшүбүз керек. Бул жерде өкмөттүн эч кандай милдеттенмеси жок. Эртең карыз болуп калса, мамлекеттин, элдин мойнуна илинбейт.
Эгерде кытайлык инвесторлор менен элдин ортосунда түшүнбөстүк жаралып, ортодо чыр чыга турган болсо, маселе Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында каралары айтылды. Бирок Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев өлкөнүн эркин экономикалык зона боюнча мыйзамдары чийки экенин эске салды. Кокус чыр чыга турган болсо, бир гана жергиликтүү соттордо каралышы керектигин белгиледи.
— Жерди ижарага 49 жылга берүү кооптуу. Ал аралыкта ким бар, ким жок деген суроо туулат. Ошондуктан, инвестордун эмне иш кылганын тескеп, ар бир 5-10 жылда кайра карайлы. «280 млн доллардын канчасына курдуң, курбайсыңбы анда ижара мөөнөтүн кыскартабыз» деп жыл сайын ээн-эркин барышыбыз керек. Коомчулукта ашыкча сөз болбошу керек. Ар бир айылга барып долбоордун артыкчылыктарын, жергиликтүү элге берген пайдаларын түшүндүрөлү. Бул жерде өкмөт да үн катышы керек. Анткени биз бийликке ишенебиз. Жергиликтүүлөр чек ара жылып кетпейби деп тынчсызданууда. Чек ара ошол бойдон каларын айтышыбыз керек.
Кошумчалай кетсек, инвесторлорго 200 гектар жердин 176 гектары индустриялык-соода-логистикалык борбор курууга берилген. Ал эми 24 гектарга бажы-логистикалык борбор салынат.