Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Кызматка кесипкөй адистер дайындалса, алешемдиктерге жол берилмек эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2019 | 781 | 0

Кадрлардын мыйзамсыз аракеттерин өкмөттүн дарегине көлөкө түшүргөн көрүнүш катары баалоого болот. Кызматка өздөрүнүн жакындарын же ишенген адамдарын гана алып келбестен, ачык-айкын түрдө кесипкөй адистер гана дайындалса, алешемдиктерге жол берилмек эмес. Бул тууралуу КРдин эмгек сиңирген юристи Чолпонкул Арабаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сырткы карыздарды төлөөнүн эң жогорку чегине келип турганда кызматка татыктуу адамдарды алып баруу зарыл. Мамлекеттик кызматкерлердин саны көп, аны кыскартуу кажет. Ишин жөндөп кете албаган кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу керек.

-«Ошондо гана чоң кызматта иштейм дегендер ойлонот. Бул боюнча мыйзамдардын үлгүсү бар. Жоопкерчилик жок. Кызматка татыктуу адамдар толтура. Айыл өкмөттөн тарта, өкмөттүн мүчөлөрүнө чейин окуу принциби болушу керек. Мындан сырткары бирин-бири кайталаган кызматтарды кыскартуу керек. Каражат үнөмдөлсө, сырткы карызды төлөөгө жакшы колдоо болмок», — дейт Арабаев.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM