Биз менен байланышыңыз

Түркия-Сирия: Күч түзүмдөрү коопсуз аймактардагы аскерлерин чыгарып кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Окт 2019 | 513 | 0

Күрддөрдүн күч кызматкерлери аскерлерин коопсуз аймактан чыгарып кетишти. Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Майк Пенс билдирди.

«Сириянын коргоо кызматкерлери аскерлерин түрк аскерлери көзөмөлдөөчү коопсуз аймактан чыгарып кеткенин кабарлады. Биз ок атышууну толугу менен токтотуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат».

Вице-президент өлкө башчысы Дональд Трамптын күчтүү башкаруусунун астында ок атышууну токтотууга мүмкүнчүлүк бар экендигин кошумчалады. Пенстин айтымында, эми Трамп сөзүнө туруп америка аскерлерин өз үйлөрүнө кайтарат.

Ошондой эле Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириянын түндүк тарабында Түркия уюштурган «Тынчтык булагы» деп аталган аскердик операциясы токтотулганын билдирди.

«Мындан кийинки аракеттер Сириянын келишимди канчалык деңгээлде аткарышынан көз каранды.» Келишимдин негизине күрд аскерлерин коопсуз аймактан чыгарып кетүүсү да кирерин белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM