Биз менен байланышыңыз

БУУ: Түркиянын Сириядагы аракетинен улам 160 миң киши качкынга айланды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Окт 2019 | 466 | 0

Түрк армиясы басып кирген Сириянын түндүгүндөгү аймактарда үйлөрүн таштап, жер которууга мажбур болгон күрддөрдүн саны 160 миңге жетти. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик маалымдады.

Буга чейин гуманитардык уюмдар бул аракеттерден улам качкындардын саны бир топко өсөрүн эскертишкен болчу. БУУнун өкүлдөрү тынсыздануусун билдиришүүдө.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия түндүгүндөгү операциясына байланыштуу АКШ Түркияга каршы санкцияларды киргизди.

Президент Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Каржы министрлиги Сириянын түндүгүндөгү тынчтыкты жана туруктуулукту бузууга тиешеси бар Түркиянын каалаган мамлекеттик мекемесине санкция салууга укук алды.

Санкциялар Түркиянын Энергетика, Коргоо жана Ички иштер министрликтерине каршы киргизилди.


Европанын 3 өлкөсү Түркияга курал берүүнү токтотту


Түрк бийлиги операция сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн «коопсуз тилке» түзүүнү, ал жакты күрд согушкерлеринен тазалоону көздөй тургандыгын айтып келатат. Анкара аларды террорчу деп эсептейт. Ал эми АКШ аларды «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөшкө чоң жардам берген өнөктөштөр катары санайт. 

Copyright © 2017 Maral FM