Биз менен байланышыңыз

Европанын 3 өлкөсү Түркияга курал берүүнү токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 578 | 0

Франциянын Тышкы иштер министри «Түркиянын Сирияга болгон аскерий аракеттери үчүн колдонууга мүмкүн болгон жалпы курал-жарак берүүнү токтотуу жөнүндө» Жарлык кабыл алып, «бул чечим дароо ишке кирерин» жарыялады.

Буга чейин мындай чечимди Германия жана Нидерландия кабыл алган болчу.

Ал эми Европа Биримдиги эмки жумадагы саммитинде Түркияга санкция киргизүү маселесин карайт. Бул тууралуу Франциянын министри Амели де Моншалэн 11-октябрда билдирди. Европа өлкөлөрү Анкараны бул аракетин токтотууга чакырууда.

Анкара чек арага жакын жердеги сириялык күрддөрдү тазалоо максатында «Тынчтыктын булагы» аттуу аскердик операциясын 9-октябрда кечке жуук баштаган. Аталган күндөн бүгүнкү күнгө чейин 75 түрк аскери, 400дөн ашуун күрд аскери курман болгон. Ошондой эле так саны белгисиз бир канча жай тургун да каза тапкан. Түрк армиясы басып кирген Сириянын түндүгүндөгү аймактарда каза тапкандардын саны өсүүдө, миңдеген күрддөр үйлөрүн таштап, жер которууда. Гуманитардык уюмдар качкындардын саны жүз миңдеген кишиге жетиши мүмкүн деп эскертишүүдө.

Түрк бийлиги операция сириялык качкындарды жайгаштыруу үчүн «коопсуз тилке» түзүүнү, ал жакты күрд согушкерлеринен тазалоону көздөй тургандыгын айтып келатат. Анкара аларды террорчу деп эсептейт. Ал эми АКШ аларды «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөшкө чоң жардам берген өнөктөштөр катары санайт.

Copyright © 2017 Maral FM