Биз менен байланышыңыз

АКШ Түркия операция жүргүзө турган Сириянын аймагынан аскерлерин чыгарып кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2019 | 638 | 0

Америка Сириянын түндүк тарабында жайгашкан аскерлерин алып чыгып кетет. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга шилтеме жасап, «РИА Новости» маалымат булагы жазды. Ошондой эле билдирүүнү Вашингтон да таркаткан.

Маалыматка ылайык, Сириянын түндүгүндөгү күрд согушкерлерине каршы Түркиянын аскердик операциясына катышпайт жана АКШ аскерлерин бул аймактардан алып чыгып кетет.

Буга чейин АКШ жана Түркиянын президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM