Биз менен байланышыңыз

Трамп Орусияны Сирия бийлигин колдоодон баш тартууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Фев 2020 | 595 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда Орусияны сириялык аскерлердин Идлибдеги аракетин колдобошу керектигин билдирген. Бул тууралуу расмий Вашингтон билдирди.

«Президент Трамп АКШ Орусиянын Асаддын (Сирия президенти Башар Асад) режимин колдоодон баш тартышын жана Сириядагы конфликтти саясий тараптан жөнгө салынышын кааларын билдирди»,-деп жазылат Ак үйдүн маалыматында.

Идлиб – 10 жылга жакын убакыттан бери Сириянын президенти Башар Асадга жана анын режимине каршылык көрсөтүп келген оппозициянын тарапташтары аракет жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат. Андагы каршылашкан эки тарапты Түркия менен Орусия колдойт.

Түркия Сириянын оппозициясын, Орусия анын өкмөтүн колдоп, аскердик-техникалык жактан жардам көрсөтүп келет. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, деэскалация тилкесине айлантууга макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече ирет бузулган. Эки тараптуу жардыруулардан соңку убактарда бир нече аскер менен жай тургундардын өмүрү кыйылды.

Түркия лидери Сирия бийлигинин дайыма жай тургундарга өлүм алып келген Идлибдеги чабуулдарын колдогондугу үчүн Орусия менен Иранды күнөөлөп келет. Ал Сирия бийлиги февралдын аягына чейин Идлибдеги деэскалация аймагынан аскерлерин чыгарып кетсин деген ультиматум койгон. Эрдоган Орусиянын колдоосу жок Сирия бийлиги эч нерсе кыла албай турганын, качкындардын саны өсүп, глобалдык кризиске алып келбеши Орусия Асадды тыюусу керектигин белгилейт.

Ал эми Кремлдин өкүлдөрү Сирия аскерлеринин Идлибдеги соккулары жай жарандарга эмес, террористтерге, алардын аракетин токтотууга багытталып жатканын айтып, жооп кылган.

Түркия Орусиядан С-400 ракеталык комплексин сатып алууда буга каршы болгон АКШ президенти Дональд Трамп менен түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдогандын ортосундагы солгундаган мамиле ноябрь айында эки тараптуу жолугушуудан соң калыбына келген. Трамп ортодогу айрым келишпестиктерге карабай, бул жолугушуунун жыйынтыктуу болгонун билдирген.


АКШ Идлибдеги түрк аскерлерине жардам бермей болду


Идлибдеги кризиске токтолсок

Акыркы айда сириялык Идлиб провинциясындагы тирешүү кыйла курчуду. 10-февралда аскерлердин соккусунан улам 5 түрк аскери каза болгону айтылды. Бул февраль ичиндеги экинчи ирет түрк аскерлеринин мерт кетиши болду. Түркиянын армиясы буга жооп катары 115 багытта Сирия армиясына каршы чабуул жасады. Кесепетинде 101 сириялык аскер каза болду, андан сырткары, армиянын аскердик учагы, 3 танка жана 2 миномет жок кылынганы айтылды.

Буга чейинки 3-февралда болгон кагылышта, Түркия тарабынан жетөө каза болсо, ага жооп катары Сириянын 70 аскери жок кылынганы маалымдалган.

13-февралда Сирия аскерлери оппозициячыларга каршы дагы ракеталык чабуул жасаган. Натыйжада, бир нече түрк аскери каза болгону айтылган. Андан мурдараак эле, Түркия президенти Эрдоган түрк аскерлерине каршы кайра чабуул жасалса, Сирия бийлиги өтө оор түрдө жооп берерин эскерткен жайы бар. Армиянын чабуулунан соң Түркия 55 сириялык аскерди жок кылганын маалымдаган.


Идлибдеги жагдай Орусия менен Түркиянын мамилесин солгундатабы?

Copyright © 2017 Maral FM