Биз менен байланышыңыз

Идлибдеги жагдай Орусия менен Түркиянын мамилесин солгундатабы?

Блог , Дүйнө , Кыска кабар | 14 Фев 2020 | 581 | 0

Идлиб провинциясындагы Сирия менен Түркия аскерлеринин кагылышы Орусия менен Түркиянын мамилесин курчутушу толук мүмкүн. Түркия Москва менен болгон мамилесин тобокелге салгысы келбейт. Бирок Идлибдеги жагдайда жеңилип калышы, Эрдогандын ички саясатына көлөкө түшүрмөкчү.

Түркия Орусия колдогон Сирия президенти Башар Асаддын армиясына ультиматум койду. Эрдоган Сирия бийлиги февралдын аягына чейин Идлибдеги деэскалация аймагынан аскерлерин чыгарып кетүүгө милдеттүү экенин айтып чыкты. Daily Sabah басылмасынын жазганына караганда, Эрдоган Дамасктын чабуулунан улам байкоочу аймактарда жайгашкан түрк аскерлери, же Сириядагы башка бирөөлөр жабыркай турган болсо, Сочи келишимине карап отурбастан, бийлик күчүнө каршы чабуулга чыгарын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн телефон аркылуу Сирия кризиси, тактап айтканда, Идлибдеги абал боюнча сүйлөштү, буга чейинки келишимдин маанисин белгилешти дегени менен иш жүзүндө бул кептин бири да аткарылбагандай.

Түркия лидери Сирия бийлигинин дайыма жай тургундарга өлүм алып келген Идлибдеги чабуулдарын колдогондугу үчүн Орусия менен Иранды күнөөлөп келет.

11-февралда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу да Сирия режиминин ишенгени Орусия менен Иран экендигин, алар бул агрессияны токтотушу зарылдыгын айткан.

Ал эми Кремлдин өкүлдөрү, Сирия аскерлеринин Идлибдеги соккулары жай жарандарга эмес, террористтерге, алардын аракетин токтотууга багытталып жатканын айтып, жооп кылды.

Идлибдеги кризиске токтолсок

Акыркы айда сириялык Идлиб провинциясындагы тирешүү кыйла курчуду. 10-февралда аскерлердин соккусунан улам 5 түрк аскери каза болгону айтылды. Бул февраль ичиндеги экинчи ирет түрк аскерлеринин мерт кетиши болду. Түркиянын армиясы буга жооп катары 115 багытта Сирия армиясына каршы чабуул жасады. Кесепетинде 101 сириялык аскер каза болду, андан сырткары, армиянын аскердик учагы, 3 танка жана 2 миномет жок кылынганы айтылды.

Буга чейинки 3-февралда болгон кагылышта, Түркия тарабынан жетөө каза болсо, ага жооп катары Сириянын 70 аскери жок кылынганы маалымдалган.

13-февралда Сирия аскерлери оппозициячыларга каршы дагы ракеталык чабуул жасаган. Натыйжада бир нече түрк аскери каза болгону айтылган. Андан мурдараак эле, Түркия президенти Эрдоган түрк аскерлерине каршы кайра чабуул жасалса, Сирия бийлиги өтө оор түрдө жооп берерин эскерткен жайы бар. Армиянын чабуулунан соң Түркия 55 сириялык аскерди жок кылганын маалымдаган.


АКШ Идлибдеги түрк аскерлерине жардам бермей болду


Түркия бетке туткан жагдай – качкындардын абалы

Декабрда башталган Сирия армиясынын Идлибге болгон чабуулунан улам провинциядагы 700 миңден ашык адам турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Бул маалыматты Бириккен улуттар уюму билдирди.

Сириядан чыккан 4 млн качкынды батырган Түркия, жаңы толкундан качып, Идлиб менен болгон чек арасын жабык кармоодо.

Бирок жакында Идлибдеги согуш жагдайларынан улам качкындар агымы Европага жетерин серепчи Дэвид Гарднер айтууда. Бул тууралуу Financial Times сайты жазды.

Жаңы миграциялык кризис Европадагы 2015-2016-жылдары байкалган популисттик ксенофобияны (чет жактыктарга, бейтааныштарга карата коркуу жана кастык сезими) кайталашы мүмкүн. Идлиб районундагы “оюндун” башында турган Орусия менен Түркия муну түшүнбөй койбойт.

Идлиб – 10 жылга жакын убакыттан бери Сириянын президенти Башар Асадга жана анын режимине каршылык көрсөтүп келген оппозициянын тарапташтары аракет жүргүзгөн акыркы сириялык провинция болуп саналат.

Түркия үчүн Идлиб стратегиялык жактан өтө маанилүү. Анкара бул чөлкөмдү өзүнүн таасириндеги тилке катары көрөт. 2017-жылдагы Сочи келишимине ылайык, Идлибде коопсуз тилке болушу керек эле. Коопсуз тилке түркиялык аскер тосоттору жана оор техника менен курчалмак.

Түркия Сириянын оппозициясын, Орусия анын өкмөтүн колдоп келет. Эки өлкөнүн жетекчилиги Идлибдеги аскердик аракеттерди токтотуп, деэскалация тилкесине айлантууга макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун шарттары бир нече ирет бузулган. Эки тараптуу жардыруулардан соңку убактарда бир нече аскер менен жай тургундардын өмүрү кыйылды.

БУУнун маалыматына караганда, соңку 2 айда эле Идлиб провинциясындагы согуштан качкан качкындардын саны жарым миллиондон ашкан. Тактап айтканда, 1-декабрдан бери 700 миңден ашык адам турак-жайын таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын 80 пайыздан ашыгын – аялдар менен балдар түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM