Биз менен байланышыңыз

АКШ Идлибдеги түрк аскерлерине жардам бермей болду

Блог , Дүйнө | 14 Фев 2020 | 634 | 0

АКШ Идлибеги түрк аскерлерине чалгын маалыматтары жана аскердик жабдуулар менен жардам бере алат. Бул тууралуу АКШ Мамлекеттик департаментинин Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жефри Түркияга барган иш-сапары учурунда билдирди.

Анын айтымында, Түркияга НАТОнун алкагында жардам берүүнүн варианттары каралып жатат. “АКШ алгач Идлибдеги түрк аскерлерин чалгын маалыматтары жана аскердик жабдуулар менен камсыз кылганга даяр”, — деди Жефри NTV телеканалына берген маегинде.

Ошол эле учурда атайын өкүл конфликт болуп жаткан зонага америкалык аскерлерди жөнөтүү боюнча сөз боло электигин да токтолду.

Жефри жетекчилик кылган америкалык делегация Түркияга 11-февралда келген.

АКШ жана анын союздаштары Сирия жана Иракта Ислам мамлекети террордук тобуна карата 2014-жылдан бери Сирия бийлигинин уруксаты жок эле аскердик операцияларын жүргүзүп келе жатышат. Мындан мурдараак АКШ “террорчул халифалыкты” жок кылуу тууралуу сөз кылып, Сирияда калуу ниетин билдирген эле. Мунун себебин террорчулукту кайра жандандырбоо максаты менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми Түркия лидери Тайип Эрдоган бир катар АКШны сириялык күрттөдү курал менен камсыз кылганына күнөөлөп келген. Түркия АКШнын мындай аракетин түрк мамлекетинин улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат деп баалаган.

Жакынкы күндөрдө Түркиянын Коргоо министрлиги сириялыктар тарабынан атылган артилериялык залптардан беш түрк аскеринин курман болгондугун билдиришкен. Буга жооп кылып түрк тарап Сирия армиясынын 115 объектисине артиллериялык чабуул жасаган. Мунун кесепетинен, 101 сириялык жоокердин жок кылынганы айтылууда. Ал эми буга чейинки 3-февралда болуп өткөн артиллериялык аткылоодон кийин Идлибде 8 түрк жоокери жана жай тургандар набыт болушкан.

2017-жылы Астана (азыркы Нур-Султан) шаарында Орусия, Иран, Түркия мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдө Сирияда деэскалация кылынуучу 4 зонаны түзүү боюнча келишимдерге кол коюшкан.

Ал аймактардын төрттөн үчү 2018-жылы Дамасктын көзөмөлүнө өткөн. Ал эми Идлиб жана коңшу Латакия, Хама, Алеппо шаарлары баш болгон төртүнчү зона дагы деле республиканын бийлигине баш ийбей турган учуру. Бул аймактардын көпчүлүгү “Жебхат ан Нусра уюмунун жоочулары тарабынан басылып алынган.

2018-жылдын сентябрь айынан бери Орусия жана Түркия Сочи шаарында Идлибде 20дан ашуун кошуундарды куралсыздандыра турган зонаны түзүү боюнча келишимге кол коюшкан эле.

Copyright © 2017 Maral FM