2020-жылкы парламенттик шайлоо көп каражатты талап кылат. Бирок акча баарын чечпейт, элдин добушу чечет. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Бакыт Төрөбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.
-«Өнүгүү Прогресс» фракциясы 2015-жылкы шайлоодо парламентке акча эмес, аброй менен келдик. Биздин партия берген 32 убадасынын 20га жакынын аткарды. Мен дайыма саясатта болом, качан эл шайлабай калганда кетем. Абройлуу, эл үчүн иштеген балдар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз. Анткени парламентке көп мандат менен келүүнүн аракетиндебиз.
Анын айтымында, парламенттик шайлоо мыйзам чегинде 2020-жылы октябрь айында өтөт.
Төрөбаев буга кошумча, мамлекет үчүн ар дайым биригүүгө барып, сүйлөшүп, программаларды ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.
«Өндүрүштө иштеп, жылына 200 млн сомго чейин салык төлөп жүргөнбүз, бул эл үчүн. Экинчиден, парламентке келип, эл үчүн бир топ мыйзам, өкмөттүн токтомдорун киргизгенбиз. Менин бүт аракетим эл үчүн. Коррупцияга катыштымбы? Бирөөңөр да айта албайсыңар. Же бир жерде ЖЭБди жардырдымбы, же учак кулаттымбы? Жок. Бирөө менин үстүмөн пара талап кылып жатат деп арыз жаздыбы? Жок. Мен мамлекетчил адаммын», — дейт депутат.
Атасынын аркасы менен чонойгон, элди ойлобогон байлык менен бийликти жакшы коргон саясатчы. Бабанов менен бириге коюп эки жуздуу, шайлоодон кийин Атамбаевти мактап, бет деген жок озунун позициясы жок сойку депутат. Мындайлар элди жарытпайт ишенбе керек.
Токур
22.10.2019 18:23
Атасынын аркасы менен чонойгон, элди ойлобогон байлык менен бийликти жакшы коргон саясатчы. Бабанов менен бириге коюп эки жуздуу, шайлоодон кийин Атамбаевти мактап, бет деген жок озунун позициясы жок сойку депутат. Мындайлар элди жарытпайт ишенбе керек.
анти
22.10.2019 19:47
туура Бакыттын айылында бала бакча жок жардам берип салса болмок оз эли да колдобойт
Опозиция
22.10.2019 19:41
Орто Азия деген айылдан болот Бакыт жашаган айылда Бала Бакча жок. Садиги жок оз айылынын эли да колдобойт.
Анти
22.10.2019 19:45
Бакыт айылына бала бакча да куруп берген эмес жардам берсе болмок оз айылыда колдобойт менин коментарийимди неге жарыялабайтасынар Марал