Биз менен байланышыңыз

Талкуу жараткан Назарбаевдин укугунун кеңейтилиши боюнча президенттин катчысы үн катты

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 555 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин пресс-катчысы Берик Курмангали өзүнүн Фейсбук баракчасында, өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин ыйгарым укутарынын кеңейтилиши тууралуу кабыл алынган жарлык боюнча билдирүү жасады.

«Бул документ ММК арасында чуу жаратып, ар кандай комментарийлер айтылып жатты. Бул президенттин кадимки жарлыктарынын бири деп ойлойм. Президент кол койгон жарлык 2018-жылдын июль айында, Коопсуздук кеңеши тууралуу мыйзамда бекитилген».

Курмангали белгилегендей, аталган мыйзам, учурда Назарбаев жетекчилик кылып турган Коопсуздук кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн укуктарын жогорулатуу максатын көздөйт.

Анын айтымында, жарлык «президент кадр маселесинде өз алдынча чечим кабыл алуусуна тоскоолдук жаратпайт».


Токаев кадр саясатында Назарбаевдин ыйгарым укуктарын кеңейтти


Белгилей кетсек, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Елбасы Назарбаевдин мамлекеттик бийлик органдарындагы саясий кадр жаатында ыйгарым укуктары кеңейткен жарлык кабыл алган. Ага ылайык, ТИМ, Коргоо министри жана ИИМден сырткаркы министрликтер мындан ары Коопсуздук кеңешинин төрагасы (Назарбаев) менен кеңешкенден кийин дайындалмакчы.

Ошондой эле түздөн-түз президентке байланыштуу органдарды дайындоо эми Коопсуздук кеңешинин төрагасы менен кеңешкенден соң аткарылмакчы.


«Токаев – экинчи Назарбаев эмес»


Copyright © 2017 Maral FM