Биз менен байланышыңыз

Токаев кадр саясатында Назарбаевдин ыйгарым укуктарын кеңейтти

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 520 | 0

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин мамлекеттик бийлик органдарындагы саясий кадр жаатында ыйгарым укуктары кеңейтилди. Мындай жарлыкка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.

Казакстанды 30 жылдай башкарган Назарбаев 20-мартта президенттик кызматтан кеткен. Өлкө башчысы болгон Токаев буга чейин Жогорку палатанын төрагасы болчу. Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана Nur Otan партиясынын жетекчилигин сактап калган.

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, ТИМ, Коргоо министри жана ИИМден сырткаркы министрликтер мындан ары Коопсуздук кеңешинин төрагасы (Назарбаев) менен кеңешкенден кийин дайындалмакчы.

Ошондой эле түздөн-түз президентке байланыштуу органдарды дайындоо эми Коопсуздук кеңешинин төрагасы менен кеңешкенден соң аткарылмакчы.


«Токаев – экинчи Назарбаев эмес»

Copyright © 2017 Maral FM