Биз менен байланышыңыз

«Токаев – экинчи Назарбаев эмес»

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 620 | 0

Казакстандын Маалымат жана өнүктүрүү министри Даурен Абаев өлкөдө айтылып келген кош бийлик тууралуу «Хабар» телеканалындагы «Ачык маек» программасында жооп берди. Бул тема Назарбаевдин бийлик тапшыргандан бери жакында берген маегинен кийин көтөрүлгөн.

Министр, бул теманы көбүртүүнүн кажети жоктугун белгиледи.

— Биринчиден, президенттин жумушуна Елбасы тарабынан эч кандай кийлигишүүлөр болгон эмес, болбойт дагы. Муну Конституциялык нормалар көзөмөлдөп турат.

— Экинчиден, Токаев – экинчи Назарбаев эмес, анын өзүнүн башкаруу стили, көз карашы бар. Ошондуктан президент жумушунда жаңы форматтарды колдонгон сайын эле кош бийлик деп чуу көтөргөндүн кереги жок.

— Үчүнчүдөн, тунгуч президент айткандай, Касым-Жомарт Кемелевич өзү да тастыктагандай, президент дайыма маанилүү жагдайларда Назарбаевдин кеңешине кайрылып турат. Кантсе да Нурсултан Абишевич өлкө башкарууда ийгиликтүү жана чоң тажрыйбага ээ. Бүгүнкү күндө андан кеңеш алуу үчүн башка өлкөнүн лидерлери да кайрылып турарын билем.

Copyright © 2017 Maral FM