Биз менен байланышыңыз

Бакиров: 2020-жылы парламентте 50%дан кем эмес жаңылануу болот

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 553 | 0

2020-жылы парламентте 50%дан кем эмес жаңылануу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо каражат негизги ролду ойнойт. Муну коомчулук талап кылып жатат. Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында олигархтар депутат болуп калышы мүмкүн деген коркунуч бар. Бирок аны шайлоочулардын добушу чечет.

«Эртеңки шайлоо тууралуу айтуу кыйын. Анткени 9 пайыздык болсого балл, тизме жана башка көптөгөн өзгөртүүлөр саясий партиялардын да көз карашын өзгөртө турган учур. Босого чекти өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк бар. Негизи босого балл 7% болсо, оптималдуу болмок. Жаштарга, саясий активдүүмүн деген топторго мүмкүнчүлүк жаралмак. Учурда босого баллдын тегерегинде талкуу болуп жатат», — дейт Бакиров.

Ал кошумчалагандай, бийликтин стабилдүүлүгү кыргыз эли үчүн жемиштүү болот. Мындан улам 9% босого чек сакталышы мүмкүн.

 

Copyright © 2017 Maral FM