Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакировдун парламентке келгенге чейин да бизнеси болгон эмес. Азыр да ишкердик менен алектенбейт. Бул тууралуу Бакиров «Маралга» берген маегинде билдирди.
«Ун комбинатында аткаруучу директор болуп иштеп турдум. Ишкердик менен алек болгон эмесмин. Толук бышып-жетилдим деп айтууга эрте. Мага бааны шайлоочулар, коомчулук бериши керек. Депутаттардын баары саясатчымын деп айтканы менен тажрыйбасы, басып өткөн жолу өзүнчө маселе», — дейт Бакиров.
Ал азыркы парламент өзү үчүн жемиштүү болгонун айтып, ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетин жетектеп турганда дыйкан чарба, жер кодекси өңдүү калктын чарбалык жумуштарына таасир эткен мыйзамдар кабыл алынганын эске салды.