Биз менен байланышыңыз

Лукашенко эмне үчүн уулун жардамчы кылып дайындаганын айтты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Окт 2019 | 2174 | 0

Президенттик башкаруу академиясына барган Александр Лукашенко, улуу уулун жардамчы кылып дайындаганына өкүнбөгөнүн билдирди.

Өлкө башчысынан мамлекеттик органдардын жана анын жетекчисинин жумушунун эффективдүүлүктөгү башкы себептерин айтып берүүнү өтүнүштү.

«Биринчиден, адискөйлүк. Мен бул боюнча ар дайым айтып келем: мен жагалданданды, жан тартканды жаман көрөм. Менде «ишенимдүү тарап», «жакыным», «тууганым» деген түшүнүк жок. Жалгыз Викторду билесиңер – менин улуу уулум, мамлекеттик кызматта.

Эмне үчүн аны жардамчы кылып дайындадым? Ал дайыма бул кызматтан пайдаланып келгендиктен ишин жакшы билет жана олуттуу көйгөйлөрдү мага бат жеткирип турат»,- деди Лукашенко.

Ошондой эле Беларусияда жогорку кызматка жетүү үчүн тааныш-билиш кылуу деген жок экендигин белгиледи.

«Бизде кошуна өлкөлөрдөй бийликке эптеп келип, майлуу-сүттүү жерге орношуп алайын деген түшүнүк жок. Жогорку кызматка эч ким умтулбайт, себеби бул жакта жыйынтык бериш үчүн күн-түн дебей тынбай иштегенге туура келет. Кайсы башкаруу болбосун эң негизги көрсөткүч ушуга байланыштуу болот»,- дейт өлкө башчысы.


Тажикстан президентинин 21 жаштагы уулу мамлекеттик кызматка дайындалды


Белгилей кетсек, президенттин улуу уулу Виктор Лукашенко 2005-жылдан бери президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматын аркалайт. 2007-жылдан баштап Белрусия коопсуздук кеңешинин мүчөсү, 2019-жылдын апрель айынан баштап биринчи вице-президентин милдетин аткаруучусу болуп дайындалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM