Биз менен байланышыңыз

Тажикстан президентинин 21 жаштагы уулу мамлекеттик кызматка дайындалды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 3116 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 21 жаштагы уулу Самон Эмомали «Талко Кабель» алюминий компаниясынын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды. Самон бул кызматты Тажикстан улуттук университетин аяктаары менен ээледи.

Тажикстандагы маалымат булактары билдиргендей, президенттин уулу бул кызматта 3 айдан бери иштеп жатат. Дагы бир маалымат булагынын жазганына ылайык, Самон Эмомали Өнүктүрүү жана соода министрлигинде да кызмат өтөөдө, бирок ал жакта расмий түрдө катталган эмес.

Эмомали Рахмондун 7 кызы жана 2 уулу бар. Улуу уулу Рустам Эмомали Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын мэри. Бул кызматка 29 жашында дайындалган. 2008-жылы эмгек тажрыйбасын Экономика министрлигинде кызматкер болуу менен баштаган. 9 жылдын ичинде Бажы кызматын, Жемкордукка каршы агенттикти жетектеген.

Тажикстан президентинин экинчи кызы — Озода Рахмон. Ал Президенттик Аппараттын жетекчиси.

Төртүнчү кызы Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигинин бир тармагында бөлүм башчы.

Алтынчы кызы Зарина Рахмон – өлкөдөгү ири банктардын бири «Ориёнбанк» банкында директордун орун басары.

Ошондой эле Рахмондун күйөө балдары да өлкөдөгү олуттуу кызматтарды аркалайт.

Жогорку кызматтарды аркалаган президенттин балдары Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө да кездешет. Алсак:

  • Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу – облус жетекчиси;
  • Мирзиёевдин кызы – мамлекеттик кызматкер;
  • Назарбаевдин кызы – Сенаттын төрагасы, өлкөдөгү экинчи адам ж.б.

Copyright © 2017 Maral FM