Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Текебаев менен Чотоновдун соту уланат

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 554 | 0

Бүгүн, 17-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү улантылат.

1-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда болгон отурумда бир катар күбөлөр, анын ичинде 4 генерал сурак берип, айыпталып жаткан Дүйшөнкул Чотонов 13-майда Ошко учканы айтылган.

Жактоочу Таалайкүл Токтакунова бул көрсөтмөлөрдөн улам, жабырлануучулар Леонид Маевский менен Алексей Модиндин 1 млн доллар пара бердик деген көрсөтмөсү калп болуп жатканын айткан.

Адвокат Токтакунова ошондой эле дагы бир маанилүү күбө, Кыргыз аэронавигация ишканасынын жетекчилиги көрсөтмө берип, ал 2010-жылдын 13-май күнү Ош облусуна болгону 1 тик учак учканын маалымдаганын кошумчалаган.

Copyright © 2017 Maral FM