Биз менен байланышыңыз

УКМК: 500дөй кыргызстандык Сириянын түрмөлөрүндө, качкындар лагеринде жатат

Кыска кабар | 16 Окт 2019 | 662 | 0

Сирия жана Иракта 500дөн ашык кыргызстандык жаран качкындар үчүн лагерь жана түрмөлөрдө жатат. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбеков Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын билдиришинче, Сирия жана Ирактан кыргызстандыктардын балдарын кайтаруу маселеси боюнча түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу топ Сириянын лагерлеринде болгон жарандарды идентификациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

«Иштер жүргүзүлүп жатат. 500дөн ашык жаран качкындар үчүн лагерь жана түрмөлөрдө жатат. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумушчу топ Сирияда болгон жарандарды идентификациялоо боюнча иштерди аткарууда. Жумуш аяктай элек«, — деди Тургунбеков.


Сириядагы кыргызстандыктар Мекенине кайткысы келет (сүрөт, видео)


Эске сала кетсек, депутат Данияр Аттокуров кошуна мамлекеттер өз жарандарын аталган аймактан кайтарып келүү иштерин жүргүзүп жатканын айтып, Кыргыз бийлиги да аялдар менен балдарды кайтарып алып келүү ишин тездетүү керектигин белгилеген.


Жакындары Сирияда жүргөн жарандар президентке кайрылды


 

Copyright © 2017 Maral FM