Биз менен байланышыңыз

Жакындары Сирияда жүргөн жарандар президентке кайрылды

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Апр 2019 | 746 | 0

Жакындары Сирияда жүргөн жарандар «Марал» радиосунда маек берип, президентке кайрылуу жасашты.

Азиз

Менин 2 кызым 2014-жылы Сирияга кеткен. Кыздарымды ал жакта жүргөн Кыргызстандын жарандары эле алдап чакырып алышыптыр. Ал балдардын бири улуу кызым менен турмуш куруп, азыр боюнда бар экен. Хижаб кийгендерине 3-4 ай болгон эле, «Илим алып келели» деп кетишкен. Кийин ал жактан кыздарым: «Апа, 20 күнгө келип кетиңиз», — деп кайра-кайра сурана беришкенинен, келинчегим чыдай албай «Барып алып келем», — деп артынан кеткен. Келинчегиме «Сириянын аймагына кирбей, кыздарга чек арадан жолук», — дегем. Кыздарымды чыгарбай коюшуп, айласы кеткенде «алып чыгам» деген ой менен ал да ичкери кирип кетип, эми кайтып келе албай кыйналып жатат. Улуу кызым качып келе жатып Түркиянын чек арасынан кармалып, бир жылдан бери лагерде отурат. Кичүү кызым апасы экөө качып келе жатып, күрттөрдүн колуна түшүп калган. Алар да лагерде. Кыздарым: «Бизди качан алып кетет?», — деп күтүп жатышат. Улуу кызымдын ID картасы өзүндө, эптеп жашырып алып жүрөт экен. Президент Сооронбай Жээнбеков Сирияда жүргөн Кыргызстандыктарды алып келүү маселесин көзөмөлүнө алса… Ал жактагы кыргыздар да, «Мамлекет алып кетеби?» — деген үмүт менен жашап жүрүшөт. Президент өзү карап койсо экен… 

Гүлжан

Менин апам  Сирияга кеткен инимди алып келүү үчүн 2014-жылдын күзүндө кетип, келе албай калды. Иним менен Түркиядан жолукмак экен. Бирок Сирияга кирүүгө аргасыз болуптур. Азыр апам алтымышта. 

Айзада

Мен Кара-Балтада турам. Уулум 2013-жылы Сирияга кеткен. Азыр ал жакта 2 баласы менен келинибиз бар. Келиним уулум каза болуп калганын айтты. Учурда келиним абалыбыз абдан оор деп жатат. Ал Сириядагы лагерлердин биринде турат.

Жылдыз

Кызым жубайы, 1 баласы менен Түркияга жумуш издеп кеткен. 5-6 айдан соң Сирияга түшүп калганын кабарлап, «Апа, бизди алдап кетишиптир», — деди. Учурда кыйналып жашап жатышат. Сириядан дагы бир балалуу болушуптур. Бирок күйөө балам 2017-жылы каза болуп калды. Ал эми кызым учурда лагерде. Өзүнүн телефону жок, анда-санда шериктеринин телефону менен байланышка чыгат. Кызым: «Кыргызстанга кетсек болмок, апа! Кыйналдым! Адашканыбыз үчүн кечирип кой», — дейт. Биздин үнүбүздү уккан адамдар болор бекен? 

Айжан

— Менин сиңдим 3 кызы менен 2014-жылы Сирияга кеткен. Чүйлүк балага турмушка чыккан эле. Бир күнү үйүн, кийимдерин да сата башташты. Сурасам башка жерден үй аларын айтты. Күйөө баладан да, сиңдимден да эч кандай өзгөрүү билинген жок. Болгону кийимдерин да сатып жатканда, шектенүү жаратты. Бирок Сирияга кетип калат деген ой келген жок да . 3 кызы мектепте окучу. Кийинчерээк Түркияга билет алып, бир жума эс алып келишерин түшүндүрдү. Ошол учурда  ИИМге кайрылдык, бирок көңүл бурулган жок. Алар Түркияда эс алып жатканын видеочалуудан көрсөтүшкөн. Анан эле 5-6 ай жоголуп кетишти. Сирияга барган соң, “Биз өзүбүз да билбейбиз, бир жерден өткөрүштү», — деди. Азыр эми лагерде турушат. Учурда сиңдим менен байланышып турабыз.

Copyright © 2017 Maral FM