Биз менен байланышыңыз

Кара-Кече кениндеги көмүрдүн запасы айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 503 | 0

Кара-Кече кенинде көмүрдүн 41 млн тонна запасы бар. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Ашырбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн түштүк аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр экспорттолду.

«Түштүктөгү көмүрдү түндүккө ташып келүү кымбатка турат. Ошондуктан Казакстандын кара алтынын ташып келүү ыңгайлуу. Бишкек ЖЭБинде жергиликтүү көмүрдү колдонуунун көлөмү жылдын-жылга өсүп жатат. Алсак, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл 140 миң тоннага өсүш бар», — дейт Ашырбаев.

Ал белгилегендей, көмүр тармагында иш алып барган ишканаларга жеңилдетилген насыя берүү сунушталууда. Анткени, жайында кара алтын көп сатылбайт. Бирок күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн ири көлөмдө каражат кетет.

«Жабдыктарды жаңыртуу үчүн лизинг программасын киргизүү сунушу боюнча да иштеп жатабыз. Өкмөттүн тапшырмасы менен көчөнүн жээктеринде көмүр сатылбасын деген тапшырма берилди», — дейт Ашырбаев.

Copyright © 2017 Maral FM