Биз менен байланышыңыз

Ашырбаев: Кара-Кече көмүр кенинде тартип орноду

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 877 | 0

Кара-Кече көмүр кенине камера коюлуп, тартип орноду. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Ашырбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата өз каражатыбызга камера сатып алып орноттук. Мурда «көмүрдү арзан бер» деп биздин кызматкерлерге да ар кандай коркутуулар болчу. Кызматкерлер арыз жазгандан коркчу. Анткени, ылдыйдан сабап, бычактап кеткен окуялар болгон», — дейт Ашырбаев.

Анын айтымында, учурда Кара-Кече көмүр кенине күн сайын 50-60 унаа кирип жатат. Кышкысын унаалардын саны 400гө чейин жетет.

Ашырбаев белгилегендей, күз-кыш мезгилинде Өкмөттүн токтому менен жумушчу топ түзүлүп, көмүр кендери текшерилет. Кара алтындан анализ алынат да, бардык талаптарга жооп берсе гана кенде көмүр сатууга уруксат берилет.

 

Copyright © 2017 Maral FM