Биз менен байланышыңыз

Ашырбаев: Күз-кыш мезгилине жалпы 2,5 млн тонна көмүр даярдалышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Окт 2019 | 489 | 0

Республика боюнча 2019-2020-жылдын күз-кыш мезгилине карата 2,5 млн тонна көмүр даярдалышы керек. Анын 1 млн 124 миң тоннасы калктын керектөөсүнө, 1 млн 140 миң тоннасы Бишкек ЖЭБине кетет. Бюджеттик мекемелер 236 миң тонна көмүр керектейт. Бул тууралуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канат Ашырбаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сентябрга карата жалпы ишканалар 1 млн 200 миң тонна көмүр даярдашты. Анын 409 миң тоннасын өлкөнүн түндүк аймагы, ал эми 790 миң тоннасы түштүктөгү ишканалар өндүрүштү.

«Бишкек ЖЭБине 200 миң тонна көмүр жеткирдик. Жалпы 680 миң тонна кара алтын менен камсыз кылышыбыз керек. Планга жараша ай сайын 80-90 миң тонна көмүр алып келишибиз кажет. Калганын 2020-жылдын март айынын соңуна чейин коюшубуз зарыл», — дейт Ашырбаев.

Белгилей кетсек, көмүр казуу боюнча өлкө аймагына 70тей ишкана иштейт.

Copyright © 2017 Maral FM