Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн жарандарына жылына 10 %дык үстөк менен насыя берүү пландалууда

Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 478 | 0

Турак жайды каржылоо жөнүндө Өкмөттөр аралык келишимге ылайык, жылына 10 %дык үстөк менен өлкөнүн аймактарындагы бардык жарандарга насыяга берүүгө багытталган «KfW» Германия өнүктүрүү банкынын линиясы боюнча каражаттарды өздөштүрүү пландалууда. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мындан тышкары Азия өнүктүрүү банкы менен 10 млн евро,  Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразиялык фонд менен 100 млн доллар 20 жылга 1 % жылдык үстөк менен алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн Өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай-2015-2020» программасы иштей баштагандан бери пайыздык үстөк 3 эсе төмөндөдү. Учурда ушул жылдын аягына чейин төмөндөтүүнү камсыз кылуу үчүн, пайыздык үстөктү 6-8 %га чейин түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Ошентип, «Мамлекеттик ипотекалык компания» иштеп баштагандан бери жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү жолу аркылуу 4371 үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылууга жетишти.

Мындан тышкары ипотекалык баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүнү ишке ашыруу жана мамлекеттик бюджетке көз карандылыкты төмөндөтүү жана бюджеттен тышкаркы каржылоо булактарын тартуу максатында «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому баалуу кагаздар рыногуна 2 жылга  көлөмү 200 млн сом болгон 8,3% купондук ченди жайгаштырды.

Бул каражаттар 14% жылдык үстөк боюнча бардык категориядагы жарандар үчүн «Жеткиликтүү ипотека» багыты боюнча насыяларды кайра каржылоого жумшалды.

Муну менен катар Нарын шаарында 60 батирлүү турак жайдын жана Бишкек шаарындагы «Тунгуч» кичи районунда 135 батирлүү үйдүн курулушу аяктоо алдында турат.

Copyright © 2017 Maral FM