Биз менен байланышыңыз

Кубанычбеков: BIF’те эки ишкер келишим түзүүгө жетишти

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 595 | 0

11-октябрда өткөн «Bishkek Investment Forum» бизнес-форумунда 2 ишкер 80 миң жана 50 миң долларга келишим түзүштү. Бул тууралуу ишкер Айдар Кубанычбеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бизнес-форумдун жыйынтыгы дароо чыкпайт. Форум сүйлөшүүлөрдөн соң бир топ жылдан кийин жыйынтыгын бериши да мүмкүн. BIF’те келген долбоорлордун эң мыктылары тааныштырылды. Айыл чарба, IT, жеңил өнөр жай, тамак-аш, тейлөө жана башка тармактагы долбоорлор келген.

Мыкты 40 долбоор каталогго киргизилди. Форумга катыша албай калгандар долбоорлор менен каталогдон тааныша алат. Жыл өткөн сайын ар бир тармак приоритеттүү болуп келе берет. Алсак, быйыл IT маанилүү орунга чыкты.

«Бизнесте бир тармак өнүксө, экинчи тармак да кошо өнүгөт. ЖИАнын колдоосу менен 2015-жылга салыштырмалуу ишкерлер долбоорлорду жакшы жазып калды. Долбоор ийгиликтүү жазылса, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү 50 % жогору болот», — дейт Кубанычбеков.

Ал ЖИА долбоор сунушталган соң ишкерлерди коштоп турарын, кыйынчылыктарды чечүүгө колдоо көрсөтөрүн кошумчалады.

«ЖИА ишкерлерге маалыматтык, юридикалык колдоо көрсөтүп, өнөктөш табууга көмөктөшөт. Мындан сырткары, эл аралык рынокко чыгууга жардам берет. ЖИАда учурда суроо-талап болгон ар бир тармактын комитети бар. Биримдик ишкерлерге бизнес-саякаттарды уюштурат», — дейт ишкер.

Copyright © 2017 Maral FM