Биз менен байланышыңыз

Мурат Ниматов: Футболдон аллергиям бар

Көңүл ачуу , Марал шоу | 14 Окт 2019 | 696 | 0

Кыргыз шоу дүйөсүнөн жаңыдан орун таап келе жаткан, «Студент кыз», «Гүл кыздар» сыяктуу бир катар ырлардын аткаруучусу Мурат Ниматов «Марал-шоу» программасына маек куруп берди.

— Жакында эле жарык көргөн «Келинчегим бол» аттуу ырыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— Бул ыр үйлөнүүгө жаңы кадам таштагандар үчүн жазылган. Эки дүйнө бактылуу болуу үчүн келинчегибиздин колун суроо максатында жазылган чыгарма.

— Музыка сиз үчүн…

— Жан дүйнөмдүн каалап турган нерсеси. Бул менин кесибиме айланып, жей турган наным болуп калды.

— Клип тартууда кимдин идеясын колдоносуз?

— Буга чейин өзүм эле деп келдим. Эми болсо, кесипкөй актерлор менен иштешип баштадым. Ал эми өзүм тарткан клиптер жогорку деңгээлде эмес болчу.

— Кыргызстан үчүн жакшы жаңылык болду. Биздин улуттук курама командабыз Мьянма командасын ири эсепте утуп алды. Дегеле футболго кызыгасызбы?

— Футболдон аллергиям бар деп дайыма айтып жүрөм. Эмнегедир кызыкпайт экем. Мектеп учурунда бир аз ойноп калчумун. Бирок, спорттун көп түрү менен машыккам.

— Ырчылыктан башка кандай өнөрүңүз бар?

— Студент кезден бери чач стилисти болуп эмгектенгем. Азыр чыгармачылыкка кызуу киришкен соң, ал жаатка көңүл бура албай калдым.

— Сүйүүңүздү таптыңызбы?

— Махабатымды тапкам. Меники болуп жүрөт, бирок аныкы боло элекмин. Сүйүүмө жете элекмин.

Copyright © 2017 Maral FM