Биз менен байланышыңыз

АКШ: Жаңы Орлеан шаарындагы мейманкана урап түштү [видео]

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 609 | 0

АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы «Hard Rock Hotel» аттуу жаңы салынып жаткан мейманкана урап түштү. Окуяны жергиликтүү тургундар тартып алып, интернетке жүктөгөн.

Окуя кечээ, 12-октябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:00 чамасында болгон. Кырсыктан бир адам каза таап, 18 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Дагы үч адам дайынсыз жоголгон.

Видеодон көрүнүп тургандай жана күбөлөрдүн айтымына караганда, урап түшүү адегенде үстүңкү кабаттан башталган. Анын артынан эки крандын кошо кулаганын көрүүгө болот. Адистер кырсыкка курулушту сапатсыз жүргүзүү себеп болгон дешүүдө.

Белгилей кетсек, аталган имараттын курулуш иштери 2018-жылдын февраль айында башталган. Бул 350 конок бөлмөлүү 18 кабат мейманкана болмок. Курулушту аяктоо 2020-жылдын жаз айларына мерчемделген эле.

Copyright © 2017 Maral FM