Биз менен байланышыңыз

Европада иштеген аялдардын 60 %ы зордуктоого кабылат

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Окт 2019 | 544 | 0

Европада иштеген аялдардын 60 %ы жыныстык зордук-зомбулукка кабылат. Бул маалымат Франциядагы Эл аралык билим берүү жана маркетинг институту (IFOP) жүргүзгөн изилдөөдө белгилүү болду.

Маалым болгондой, аталган институт Франция, Германия, Англия, Италия, Испания өлкөлөрүндөгү кызматкер жана жумушчу аялдарга сурамжылоо жүргүзгөн. Анда аталган өлкөлөрдөгү иштеген аялдардын 60 %ы жетекчиси же кесиптештери тарабынан жыныстык зордук-зомбулукка дуушар болору маалым болгон. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү ачык арыздангандан коркушат. Андыктан, көпчүлүк зордуктоо иштери жабык бойдон калып кетет.

 

Copyright © 2017 Maral FM