Биз менен байланышыңыз

Жаш ырчы Элдос Алмаз: Клибим эки айда 6 млн жолу көрүлдү

Шоу дүйнөсүнө жаңыдан аралашканына карабай, эки айдын ичинде 6 миллиондон ашуун көрүүчү топтой алган ырчы жигиттердин бири Элдос Алмаз «Марал-шоу» программасына келип, кызыктуу маек куруп берди.

— «Радиого алгачкы жолу чыгып жатам» дедиңиз, эмоциялар кандай?

— Эң сонун, өзгөчө кулакчын менен микрофондо сүйлөгөн сөз менен жеткизе алгыс сезим экен. Эфирдик тушоомду «Марал» радиосу кести көрүнөт.

— «Күткөн күн келди» аттуу ырыңыз эки айда эле 6 миллиондон ашуун жолу көрүлүптүр. Ырдын тарыхына токтоло кетсеңиз…

— Негизинен бул ырдын аталышы башкача болчу. Кийин чыгармачылыктагы досум Төлөгөн Мамыров: «Замандын талабына ылайык болсун», — деп ушул аталышты сунуштаган. Ыр аркылуу жаштар сүйүү тарыхын чагылдырып берсин деген максат койгонбуз. Кудай буюрса, ал максатыбыз ишке ашууда. Кыргыз элим чыгармамды жакшы кабыл алды. Бардык нерсе кыялдан башталат дейт го, буйруса, кыялдар орундалып келүүдө. Баарына шүгүрчүлүк келтирем.

— Мынчалык көп көрүлүү «жылдыз оорусуна» чалдыктырып койгон жокпу?

— Адам жашоодо бир эле жолу «ооруйт» экен. Мен буга чейин «ооруп» койгом. Телеканалда үч жыл иштедим. Алып баруучулук кесибим азыр көп жерден пайдасын тийгизүүдө. Ошол учурда өзүмдү «жылдыз» сезип, «ооруп» жүрдүм. Азыр «оорубайм».

— Акыркы жаңылыктарыңыз жана алдыдыга максаттарыңыз тууралуу айта кетсеңиз…

— Кечээ жакында эле «Сагындым» аттуу ырга клип тарттырдым. Буйруса, бул эмгегим да элдин элегинен өтүп, көпчүлүккө жагып жатат. Вокалдык жактан күчтүү болбосом да, өзүмдүн командамды күчтөндүргүм келет. Мен иштешкен продюсер, акын, музыканттардын баары профессионал болушун каалайм. Колдон келишинче, бардык мүмкүнчүлүгүмдү ушул багытка жумшап, сапаттуу чыгармаларды жарата берүүнү максат кылдым.

Copyright © 2017 Maral FM