Биз менен байланышыңыз

Новосибирск: Ок атышууга чейин жеткен мигранттар чыры

Коом | 9 Окт 2019 | 506 | 0

Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилокский базарында мигранттардын ок атышуу менен коштолгон калаба мушташы катталды. Чыр мыйзамсыз акча талап кылып, элди тоноп жүргөн топко каршы чыгуудан улам башталган. Расмий маалыматтарда урушкандар өзбектер экени, арасында жыйырмага жакын кыргызстандык да болгону айтылды. Окуя катталган жерде териштирүү жүрүп, кылмышка шектүүлөр кармалган. Камакка алынып, иш козголгондордун арасында кыргыздар жок экендигин, учурда тиешелүү органдар иликтеп жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

— Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте чыр чыккан жерден кабар алдык. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Шектүүлөргө кылмыш иши козголду. 

Ал эми Хилокский базарында иштеген Зайирбек Акматалиев калаба мушташ ижара чырынан улам чыкканын билдирди. Базарда өзбек, кыргыз мигранттары соода-сатык менен алектенишерин, бул жерде ижара акы маселеси жана жасалма документтердин айынан пикир келишпестиктер көп чыгарын кошумчалады.

— Базарда өзбек, кыргыз мигранттары соода менен алектенет. Көбүнчө орун талашып уруша кетишет. 

Чыр чыккан базарда жашылча-жемиш саткан борбор азиялыктар опузалап акча талап кылып жүргөн Тамерлан деген адамдын уюшкан кылмыш тобуна каршы чыгышкан. Анын өзбекстандык экени айтылууда. Тоноочулардын арасында түбү кыргызстандык Рашид аттуу адам да болгон. Жергиликтүү басылмалар уюшкан топ эки жылдан ашуун базарда соода кылгандарды коркутуп акча өндүрүп, адамдарды тоноп келгенин жазышууда. Жабыр тарткандар бир нече ирет полицияга арыз менен кайрылган, бирок андан майнап чыккан эмес.

Новосибирсктеги кыргыз диаспорасынын башчысы Жаркынбай Тойтуков маалымат каражаттарына окуя тууралуу айтып берген.

— Акча талап кылып жүргөн уюшкан топко 100гө жакын мигрант каршы чыккан, ал эми  уюшкан топ курал менен келгендиктен калаба мушташка айланып кеткен. 3 кыргыз жаранына желим ок тийип, ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы жакшы, базарда иштеп жатат. 

Мамлекеттик  миграция  кызматынын бөлүм башчысы Майрамбек Бейшенов мигранттар үчүн шарттар түзүлгөнү менен алардын мыйзамды сактабай жатканын айтат. Анын билдиришинче, көбү эмгек келишим түзбөй иштегендиктен ар кандай маселелер жарала берет.

— Мигранттар үчүн жеңилдетүү шарттары түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө мыйзамсыз иштеп жүргөн мигранттар да бар.  

Кошумчалай кетсек, Новосибирск шаарында 10 миңден ашуун кыргыз мигранты соода менен алектенет. Окуядан кийин Хилокский базары убактылуу жабылган.

Copyright © 2017 Maral FM