Биз менен байланышыңыз

«Кут алчу билим» дастанынын 950 жылдыгы белгиленет

Кыска кабар | 8 Окт 2019 | 584 | 0

Быйыл Жусуп Баласагындын «Кут алчу билим» (Кутадгу Билиг) дастанынын жазылгандыгынын 950 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов менен Эл аралык Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдыралинин жолугушуусунда айтылды. 

Жолугушууда министр Азамат Жаманкулов Түрк академиясы жалпы түрк тилдүү элдердин руханий мурастарын, баалуулуктарын, көркөм дөөлөттөрүн изилдөөдө жана жайылтууда чоӊ иш аткарып жатканын белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында кийинки жылдары Маданият министрлиги менен Эл аралык Түрк академиясы биргеликте эки тараптуу эл аралык деңгээлдеги иш- чараларды уюштуруп, өткөрүү тууралуу талкуу жүргүзүштү.

Copyright © 2017 Maral FM