Биз менен байланышыңыз

Жапаров: План аткарылбаса өкмөт отставкага кетип калышы мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2019 | 575 | 0

Корголгон беренелер боюнча берилүүчү каражаттардын киреше булактары такталган. Жыл соңуна пенсия, маяна, жөлөк пулдар боюнча эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Кыргызстанда акчанын көлөмү 5,5 пайызга көбөйүп, 204 млрд сомго жакындады. 3-4 жыл мурда бул көрсөткүч 140 млрд сомду түзчү.

ИДПнын көлөмү 600 млрд сомдон ашты. Бирок ири экономикалык долбоорлор, туруктуу жумуш орундары жок болгондуктан акчанын көлөмү көбөйбөй жатат. Бажы, салык системасындагы коррупциялык системаларды жоюу жакшы натыйжа берет.

«2018-жылы бюджеттик тартыштык 6,4 млрд сом болду. Президент Сооронбай Жээнбеков келгенден бери бюджеттин чыгаша бөлүгү 10 млрд сомдон азайды, бул жакшы көрүнүш. Кыргызстан боюнча 10 млрд сомдун тегерегинде чыгашаларды азайттык. Бирок Салык кызматынын, Бажы кызматынын  төрагалары парламент, президент койгон талаптарды аткарбагандыктан кызматтан кетишти. Мен ойлоп атам, жетекчилер жыл соңуна чейин планды аткарышы керек же өкмөт өзү отставкага кетип калышы мүмкүн», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү белгилегендей, Президенттик Аппарат чыгашаларды 186 млн сомдон 150 млн сомго түшүргөн. Ал парламентке да таасир этип, эл өкүлдөрү сарамжалдуу боло башташкан. Өкмөттүк Аппарат да чыгашаларын азайткан.

Copyright © 2017 Maral FM